Орусиянын армиясы 3-декабрга караган түнү Украинанын Павлоград районундагы Терновка шаарына абадан дрон менен чабуул койду. Бул тууралуу Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысынын милдетин аткаруучу Владислав Гайваненко билдирди.
Анын айтымында, чабуулдан эки адам набыт кетип, үч киши жаракат алды. Алардын абалы оор экенин кабарланды.
Алты турак жай, гараж жана автоунаалар талкаланып, бир машине толугу менен күйүп кетти.
Украин армиясынын маалыматына караганда, Орусия 3-декабрга караган түнү өлкө аймагына ар кайсы үлгүдөгү 111 дрон менен чабуул койгон. Таңкы саат 8:00гө карата абадан коргонуу системасы 83 дронду атып түшүргөн.
Эң көп зыян Днепропетровск, Запорожье, Харьков жана Одесса облустарындагы жарандык инфраструктура жана менчик турак жайларга келтирилгени маалым болду.
Ал арада Орусия Коргоо министрлиги 3- декабрга караган түнү украиналык 102 дронду атып түшүргөнүн билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, Воронеж облусунун үстүнөн абадан коргонуу күчтөрү төрт учкучсуз аппаратты жок кылган.
Облус губернатору Александр Гусев билдиргендей, алардын биринин калдыктары күйүүчү май сакталган резервуарга түшкөн. Ал өрт тутанбаганын, жабыркагандар жок экенин кошумчалады.
Тамбов облусунун башчысы Евгений Первышов болсо дрондун сыныктары кулагандан кийин мунай базасында өрт чыкканын айтты.
Первышов кайсы мунай базасы жабыркаганын тактаган жок. Украиналык Телеграм каналдар Дмитриевка айылындагы мунай базасы аткыланганын жазды. Бул жерде Никифоровская мунай базасы жайгашкан.
The Moscow Times басылмасынын маалыматына караганда, база “Роснефть” компаниясына таандык жана анда негизинен дизел сакталат.
Украин тарап Тамбов облусундагы мунай базасына жасалган чабуул да, башка соккулар да боюнча азырынча комментарий бере элек.
Расмий Киев орус армиясына колдоо көрсөткөн мунай базаларын аткылап жатканын жүйө келтирет. Ал эми орус армиясы Украинадагы бир гана аскердик жайларга сокку урарын айтып, жарандык обьектилерге жасалган чабуулдарды четке кагып келет.
Шерине