Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:33

Кремлде Путин АКШнын атайын чабарманы Уиткофф менен беш сааттай сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолукту.

Жергиликтүү басылмалар Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулганын, Уиткофф жолугушуудан кийин АКШнын Москвадагы элчилигине жөнөп кеткенин жазышты.

Эки тарап тең жолугушуунан чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген жок.

ТАСС маалымат агенттиги бул сүйлөшүүлөргө катышкан Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун комментарийин жарыялады.

"Азырынча аймактык маселеге байланыштуу орток пикир табыла элек, бирок америкалык тараптын сунуштары айтылды. Биз кризисти жөнгө салууга жакындаган дагы, андан алыстаган дагы жокпуз. Алдыда дагы көп иш турат. Орусия Трамптын 27 пункттан турган планы менен таанышкан, кийин дагы төрт документ алган, анын баары шейшембидеги жолугушууда талкууланды",-деген Ушаков.

Мунун алдында Axios басылмасы Трамптын чабармандары орус мамлекет башчысы менен кездешкенден кийин Европага барарын, ал жерде украин президенти Владимир Зеленскийге жолугуп, Путин менен сүйлөшүүнүн мазмунунан кабардар кыларын өз булактарын таянып жазган.

Вашингтон 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуш кылгандан кийин Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү өз долбоорун чукул иштеп чыгууга киришкен. Байкоочулар Ак үйдүн планы Орусиянын кызыкчылыгын жактап түзүлгөнүн белгилешет. Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.


Шерине

XS
SM
MD
LG