Жылдызкан Жолдошева: Акылбек Жапаров сиз канча президент менен иштештиңиз? Канча министрди кетирдиңиз? Камбар-Ата 1 ГЭСин ким менен курабыз деп жатасыңар. Ким менен курасыз? Өзбекстан мененби же башка мененби? Камбар-Ата 1 суунун башында турабыз. Суу алтындан да кымбат азыр. Эгемендикти алдырып койбойлу, бул оюңардан кайткыла.
Жылдызкан Жолдошева: Бизде президенттик башкаруу болбойт. Анткени ким бийликке жетпесин ажыдарга айланат экен. Ошол себептүү президенттик-парламенттик башкарууга кайтуу керек. Анткени, Садыр Нургожоевич сизден кийин ким бийликке ким келет, өлкөнү кайда алып барат?
Ош шаарында Элдик курултайды түз көрсөтүү үчүн көчөгө экран коюлган. Бирок көрүүчүлөр сейрек экенин "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы билдирди.